Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кулумбаев Өмүркул

Баш барак | Биографиялар | Кулумбаев Өмүркул
Кулумбаев ӨмүркулАкын Өмүркул Кулумбаев Нарын облусунун Ат-Башы районунун Терек-Суу кыштагында 1933-жылдын 15-майында жөнөкөй эмгекчинин үй-бүлөөсүндө төрөлгөн. 1950-жылы өз айылындагы орто мектепти аяктап, биринчи эмгек ишин Нарын шаарындагы облустук типографиясында терүүчү адистигинде иштөө аркылуу баштаган. 1954–1957-жылдары Советтик Аскерде катардагы жоокер болуп кызмат кылып, өз милдетин аткарган. 1957-жылдан Нарын шаарындагы, шаардык аткаруу комитетинде, андан сон 1958-жылдан Тянь-Шань аскер комиссариатынын облустук мүдүрүнүн жардамчысы болуп эмгектенген. 1961-жылы кызматтык командировка кезинде авто-унаа кырсыгына учурап, эки буту баспай калган. Ошол убактан тартып чыгармачылык иши менен алектене баштаган. 1-топтогу майып.

1966-жылдан тартып ырлары басма-сөздөгө чыга баштаган. Алгачкы ырлар жыйнагы «Турмуш кайрыктары» деген ат менен 1970-жылы жарык көргөн. Ошондой эле 10 поэтикалык жыйнактын ээси. Анын ырларына көптөгөн обондор түзүлгөн. Кулумбаевдин кээ бир ырлары орус тилинде да жарыкка чыккан.

1972-жылдан СССР Жазуучулар биримдигинин мүчөсү.

Кыргыз тилинде жарык көргөн китептери:
Турмуш кайрыктары: Ырлар, 1970-жыл, (84бет)
Менин эрким: Ырлар, 1971-жыл, (80бет)
Каккын жүрөк: Ырлар, 1973-жыл, (83бет)
Менин үнүм: Ырлар, 1973-жыл, (40бет)
Уч кыялым: Ырлар, 1976-жыл, (79бет)
Бийик дабандар: Ырлар, 1980-жыл, (68бет)
Көктөм жыты: Ырлар, 1982-жыл, (76бет)
Тоолор сүйлөйт: Ырлар, 1984-жыл, (155бет)
Арчалуу булак: Ырлар, 1986-жыл, (152бет)
Элет торгою: Ырлар, 1990-жыл, (96бет)
Элет торгою: Ырлар, 2001-жыл, (177бет)
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 1491, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу