Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кантип агарса болот

Бетибиз чырайлуу жана таза болуу үчүн үй шартында "кантип агарса болот" жана аз убакыт ичинде? Келгиле бетти үйдөгү каражаттар менен агартуунун жолдорун карап чыгалы.

Бардыгыбызга эле белгилүү болгондой адамдын кебете-кешпирибиз ал адам жөнүндө кандайдыр бир ойлорду жаратат, бетибиздин сыпаттуусу, чачыбыздын сулуулугу, тырмактарыбыздын таза жана тыкан болуусу мунун баары абдан жакшы. Бирок көп учурда жүзүбүздүн өңү бир калыпта жана татынакай боло бербейт эмеспи, сулуу жана сыпайлуу болууну ким эле каалабасын. Ички органдардын оорулары, жаман адаттар жүзүбүздүн өңүн кара, сары жана дагы башка өңдөргө боёйт. Сепкилдерчи, алар кээде кооз көрүнгөнү менен көп учурда алардан арылгыбыз келет. Анткени бетибиздеги пигменттик тактар дагы көптөгөн дискомфортту алып келет.

"Бетти кантип агартса болот". Айтып кетели, ар кандай аллергия же жүзүбүздү сезгентип албоо үчүн бетти агартууга жардам берүүчү каражаттарды абайлап колдонуу керек.

Эгер сиздин бетиңизде пигменттик тактар (сепкилдер) болсо, бул ошол жердеги меланин затынын көп болгону менен шартталат.

Ал эми үй шартында ар кандай дары-дармектерди колдоно турган болсоңуз, анда сөзсүз бир сыйра дерматолог менен кеңешип коюңуз.

Бетти агартуучу касиетке жер-жемиштер, мөмө-жемиштер, ар кандай чайлар, сүт жана мөмө-жемиш кычкылдары ээ. Лимон, бадыраң, петрушка, майлар жана башка каражаттарды бетти агартууда жана сепкилден арылууда үй шартында көп адамдар колдонот.

Беттин түсү бозомтук же саргыч болсо, ошондой эле жай мезгилинде карарып күнгө күйүп кетсеңиз же териде пигменттик тактар болсо жүзүбүздү оңой эле агартып, тактардан арылсак болот.

Айтмакчы, канча адам болсо, натыйжа дагы ошончо көп, ошондуктан берилген каражаттарды колдонуп көрүп, кайсынысы жакшы натыйжа берсе ошону колдонуңуз. Бирөөнө жагат, бирөөнө жакпайт деген маселе. Ал эми төмөндөгү жазылган маскалардын дээрлик бардыгы бетти агартууда жана сепкилдерди азайтууда, ал гана эмес таптакыр жок кылууда тез жана жакшы натыйжа берүүчү каражаттарды гана жаздык.

[ushka=seredina]

"Кантип агарса болот" деген суроого жооп алуу үчүн төмөндөгү маскаларды карап көрүңүз. Бирок дагы бир нерсени эске алалы, эгер бетте безеткилер болсо, алдын ала таза жууп, спораларды тазалоочу скрабтар менен колдонуп алуу ашыкча болбойт. Безеткилер болсо башка маселе.

Бетти агартуучу маскалар
Кызыл жана кара карагат бетти агартууда жана сепкилдерди азайтууда тез жана жакшы жардам берет. Ал үчүн каалаган бул карагаттардын ширесин сыгып алыш керек. Марлини алып ал жиреге чылап, андан соң 15 мүнөткө бетке жаап коюуу керек, анан суу менен жууп салгыла.

Аары балына жана айтылган ширеден маска жасаса да болот. Бирге бир өлчөмүндө шире менен балды кошуп, аралаштырабыз. Пайда болгон боткону бетке сүйкөп 15 мүнөт кармайбыз, анан жууп салабыз.

Бетти агартуучу бадыраң маскасы. Масканы даярдоо үчүн бир бадыраңдын сыртын арчып, теркадан өткөрүп, пайда болгон бадыраң боткосунан бир кашык алып, бир кашык лимон ширесин жана жарым кашык каймак менен аралаштырабыз. Пайда болгон масканы бетке сүйкөп 15 мүнөт кармайбыз, анан жууйбуз. Ошондой эле экиге бир пропорциясында бадыраң боткосу менен балды аралаштырып бетке сүйкөп 15мүнөт кармап жууп салса дагы болот.

Петрушкадан жасалган маска. Петрушкадан жасалган маска дагы бетти мыкты агартат. Аны даярдоо үчүн петрушканы алып, майда туурап, ширесин марли менен сыгып алабыз. Алынган ширеден бир кашык алып, бир кашык бал жана бир кашык лимон ширеси менен аралаштырабыз. Боткону бетке сүйкөйбүз. 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салабыз.

Сода. Бир кашык соданы бир аз суу менен аралаштырып, беттин көйгөйлүү аймактарына сүртөбүз. Анча-мынча массаждап коюуу керек. Анан жууп салабыз.

Бетти агартуу үчүн сүт азыктары. Сүт азыктары жагы бетти агартууга жакшы көмөктөшөт. Буларга айран жана каймак кирет. Айранды экиге бир өлчөмүндө бал менен аралаштырып, бетке сүйкөйбүз, 15 мүнөттөн кийин суу менен жууп салабыз. Каймак менен деле ушундай кылып жасаса болот.

"Бетти кантип агартса болот", агартуучу маскалардын рецепттерин берүүдгү сунуштарыбызды уланталык. Жүзүбүздүн чыйрайлуу жана сулуу болуп туруусу кандай сонун. Өтүп бара жаткан адамдар ушундай суктануу менен бизди карап турса, мындан ашык бакыт жок го?

Терини лимон менен кантип агартса болот.
Лимон ширесин кебезге малып алып, бетке сүртүп жана баскылап колдонуу керек. Андан соң бетти суу менен жууш керек.

Лимон жана белок маскасы.
Бул масканы даярдоо үчүн бир жумуртка белогу жана лимон ширеси керек болот. Ар биринен бирден кашык алабыз. Мындай маска көбүнчө майлуу беттерге туура болот. Белок менен лимон ширесин аралаштырып, бетке сүйкөп 15 мүнөт кармайбыз. Суу менен жууйбуз.

Кайма жана лимон ширеси. Масканы даярдоо үчүн нак каймак зарыл. Бир кашык каймак менен лимон ширесин аралаштырабыз анан адаттагыдай 15 мүнөт кармап, жууп салабыз.

Билесиңерби? Цитрус мөмөлөрү (лимон, апельсин), аллергендер болуп саналат, ошон үчүн лимон ширесин бетке сүртүүдөн мурда, аллергиялык реакцияга текшериңиз.

Кошумча. Лимон ширесин олив (зайтун) майы, каймак, бадыраң менен аралаштырып бетке маска катары колдоно берсе болот. Шарт болуп калган 15 мүнөт анан жууп салуу. Лимон ширесине марлини чылап, бетке жаап 15 мүнөттөн кийин алып салабыз дагы бетти суу менен жууп коёбуз.

Кайсы майлар бетти агартууга жардам берет
Бетти агартууда эфир майларын дагы эстен чыгарбоо керек. Эфир майларын агартуусу маскаларга 1-2 тамчыдан кошуп колдоно берсе болот. Мындай майларга: грейпфрут майы, лимон майы, пачули майы, мята, розмарин, эвкалипт, чай дарагынын майы, апельсин майы. Лимон ширесин колдонсоңуз, ага кичине олив же миндаль майын кошуп койсо болот.

Бетти кайнатмалар менен кантип агартса болот
Эгер бетиңизди тез агартууну кааласаңыз, анда сизге ар кандай кайнатмалар жардам берет. Аларды даярдоо абдан оңой, ал эми натыйжа жүзүздөн билинет дегендей.

Кайнатмаларды бетке да теринин аймактарына да сыйпаса дагы болот, сүртсө дагы болот. Ошондой эле кайнатмага марлини чылап алып 15 мүнөткө жаап койсо дагы болот.

Петрушка кайнатмасы. Майда тууралган бир кашык петрушканы бир стакан суу менен куюп, 5 мүнөт жай кайнатабыз, андан соң 20 мүнөт тундуруп коёбуз. Кайнатманы сүзүп алып кебез менен бетке сүртөбүз. Кайнатманы муздаткычтагы формаларга куюп тоңдуруп коюп, ал музду бетке сүртүп колдонсо дагы болот.

Ушундай эле ыкма менен каакымдан дагы кайнатма даярдаса болот.

Күрүч кайнатмасы. Бул кайнатманы даярдоо үчүн күрүчтү жууп, кайра суу куюп жумшак абалга келгенге чейин кайнатуу керек. Андан соң аны сүзүп алып, муздатабыз. Кайнатма колдонууга даяр.

Эми сиз "кантип агарса болот", сепкилден кантип арылса болот деген суроого тез агартуучу, тактардан арылтуучу жана натыйжалуу ыкмаларды билесиз. Бирок бир нерсени эстен чыгарбагыла! Бардык бетти агартуучу үй каражаттары бет терисинин кургап кетүүсүнө алып келет. Ошондуктан маскаларды колдонгондон кийин бетке сиңимдүү минералдарды камтыган кремдерден сүйкөп коюуу туура болот.

[ushka=lico]
Жайгаштыруу: 2017-08-18, Көрүүлөр: 27716, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-06-29
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо