Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Каниметов Абдулла

Баш барак | Биографиялар | Каниметов Абдулла

(1928-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Шалбаа айылы) - тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, профессор (1968). МГУну бүткөн (1950). 1950-55-жылы Кыргызстан ИАда илимий кызматкер. 1955-59ж. Кыргызстан КП БКга караштуу Респ-лык партиялык мектепте окутуучу, кафедра башчысы, директордун орунбасары. 1958—61-жылы Кыргызстан КП БКнын илим, мектеп жана жогорку окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы. 1961—62-жылы Кыргыз ССР Мин. Советине караштуу жогорку жана атайын орто билим берүү боюнча комитеттин төрагасы. 1962—77-жылы Кыргыз ССР элге билим берүү министри. 1977—88-жылы Кыргызстан Илимдер Академиясынын Тарых институтунун директору, 1989-жылдан ошол эле институтта жетектөөчү илимий кызматкер. К-дун илимий эмгектери Кыргызстандагы маданий курулушка, элге билим берүү жана Интергельпо тарыхына арналган. 40га жакын монографиянын, окуу китептеринин, 200дөй макаланын автору.

Ал Кыргыз Республиканын Жогорку Кеңешинин 6—9-шайланышынын (1962—79-ж.) депутаты. 3 Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 423, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу