Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Ишенаалы Арабаев (1882-1933)

Ишенаалы Арабаев (1882-1933)Кыргыз калкынын биринчи агартуу-окумуштуучуларынын жана саясий-коомдук ишмерилеринин бири Ишенаалы Арабаев 1882-жылы Кочкор болуштугунда төрөлүп, кыргыз эли үчүн баа жеткис, унутулгус эмгектерди калтырып кетти. Кыргыз элинин дээрлик көпчүлүгү сабатсыз, илим-билимден кабары жок кезде айылдык дин, орус-жергиликтүү башталгыч мектептерде билим алып, сабатын ачат.

Ал бала кезинен эле чыйрак, тың болгондуктан он жети жашында мектеп ачып, балдарды окутат. 1910-жылдан 1913-жылга чейин Уфа шаарындагы Медресе Галия аттуу жогорку диний мектепте окуйт. Анда ислам динине байланыштуу сабактар менен бирге алгебра, геометрия, физика, химия, тарых, география, орус тили, татар тили ж.б. сабактар окутулчу экен. Ошол жерде окуп жүргөн кезинде эле агартуучулук, илимий эмгектерин, макалаларын жаза баштаган.

Кыргыз тилинде чыккан эң биринчи китеп катары эсептелген Молдо Кылычтын Зилзала (Кыссаи зилзала) деген ыр менен жазылган чыгармасына баш сөз жазып, Уфа шаарындагы Шарк басмасынан араб тамгасында чыгарат. Кыргыз жана казак балдарына арнап, өзү менен бирге окуган К. Сарсекеев менен бирге - Алип-бээ жаки тото окуу деген китеп жазып, аны да ошол Шарк басмасынан чыгартат.

Бул китеп өз учурунда балдарга тез кат тааныта турган окуу куралы катары эсептелген. Ишенаалы Арабаев 1913-жылы Медресе Галияны бүтүрүп келгенден кийин 1916-жылга чейин Ысык көл, Нарын аймактарынын айыл-кыштактарында мектеп ачып, бала окутат. 1916-жылы Үркүндө эл менен бирге Кытайдын Үчтурпан деген жерине качып барып, Түркстанга Совет бийлиги орногондон кийин элжерине кайтып келген. 1918-1922-жылдарда Түркстандын Жетисуу областында жооптуу кызматтарда иштеп, кыргыз мектептерине мугалимдерди даярдай турган алгачкы курстарды уюштурат.

1922-1924-жылдарда Түркстан АССРинин эл агартуу комиссариатында иштеп, анын илимий комиссиясын башкарат. 1922-жылы анын демилгеси мененМанас эпосун эл оозунан жыйнай башташат жана атактуу манасчы Сагымбай Орозбаковдон Манас эпосун жаздырып алышкан. Ишенаалы Арабаев 1924-жылы июнь айында Оренбургда өткөн казак жана кыргыз окумуштууларынын туңгуч сьездине Түркстан АССРинин эл агартуу комиссариатынын атынан делегат болуп катышып, сьезддин президиумуна шайланат.

1924-жылы кыргыз эли өзүнчө автономиялык облус болуп, Түркстан республикасынын составынан бөлүнүп чыгат да, 1924-жылдын 7-ноябрында Эркин Too газетасынын биринчи саны жарык көрөт. Газетанын биринчи санына Арабаев көлөмдүү макала жазат. Анда: Эзелтен бери кыргыз калкынын мекени Ала-Тоо, Тянь-Шань болгон, саргарып, зарыгып алдыдан күткөн үмүтү эркиндик, теңдик болгон эле... Эми кыргыз калкынын көптөн күткөн эркиндиги өз колуна тийип, эрктүү автономиялуу облус, өзүнчө мамлекет болуп, түтүн булатып отурат. Ошондуктан газетанын атын Эркин Too койдук. Эми Эркин Тоону колуңардан чыгарбай бек кармап, үзбөй окуп, мунун бетине арыз-муңуңарды тартынбай жазып тургула — деп белгилеген.

Газетанын атын да Арабаев сунуш кылган экен. Ишенаалы Арабаев 14 китеп жазып, айрымдарына авторлош болгон. Көптөгөн макала, жол очерктерин жазган. Алардын ичинде Кыргыз алиппеси (1924), Жазуу жолунда саамалык (1924), Баштооч мектептерде эсеп үйрөтүү жолу (1925), Сабатсыздыкты жоюу алиппеси (1926) ж.б. Жалган жалаа менен улутчул деп 1933-жылы 11-майда камалып, ошол эле жылы Ташкендин түрмөлөрүнүн биринен каза болгон.

Ишенаалы Арабаевдин ысмы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетине (мурунку В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер пединституту) берилди. Окуу жайынын алдында анын эстелик бюсту орнотулган. И. Арабаев атындагы илимий-коомдук сыйлык уюштурулган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)