Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ибраев Анарбек

Баш барак | Биографиялар | Ибраев Анарбек

(1951-жылы туулган, Ак-Суу району, Тепке айылы) - ырчы. Кыргыз Республиканын эмгек сиңирген артисти (1992). Т. Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы эки жылдык студияны, Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун ырдоо бөлүмүн бүтүргөн. Чыгармачылыгы 1970-жылдан банггалган. Адегенде Ч. Кожомжаров жетектеген биринчи кыргыз эстрадасында, андан кийин К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде солист болуп иштейт. И-дин үнүнүн диапазону кенен; элдик, лирикалык жана дүйнөлүк классикалык ырларды аткарат. Алгачкы аткарган чыгармалары «Эжелерим, агайым», (М. Рыскулов), «Таң сыры», «Үзүлбөгөн үмүттөр», «Сарр1-Челек» (С. Жумалиев), «Болбосо экен» (жылы Касымбеков) жана башкалар жылы Шералиевдин «Кыргыз жайлоосу», «Эстей берем», Б. Тургунбаевдин «Тууган жер», Г. Чөкиевдин «Кереметтүү көздөрүң», С. Жумалиевдин «Майрам шаңы», айыл Керимбаевдин «Көл баяны», Б. Абдраимовдун «Ырымды сага арнаймын», «Махабат илеби», Т. Томотоевдин «Атама ант», С. Бактыгуловдун «Энекебай», шаары Дүйшөналиевдин «Кумар көз» жана башкалар ырларды чебер аткарат. Жаштардын жана студенттердин Москвада өткөн Бүткүл дүйнөлүк фестивалынын дипломанты (1985), Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1985). Италия, Франция, Тунис, Румыния жана башкалар өлкөлөрдө гастролдо болгон.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 843, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу