Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эгембердиев Жумакадыр

Баш барак | Биографиялар | Эгембердиев Жумакадыр

(1931-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары) - жазуучу, журналист. Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1974). КМУнун филология факультетин бүткөн (1952). 1952—54-жылы Кыргыз ССР ИАда эмгектенет. 1954—91-жылы Кыргыз Республиканын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу мамлекеттик комитетинде редактор, улук редактор, башкы редактор, комитеттин коллегия мүчөсү болуп эмгектенгең. «Кутмандуу болсун күнүңөр», «Ыр канатында», «Бетке айткандын заары жок», «Жарым кылымдык адабий жыл жазма», «Биздин радиокитепкана», «Эне мээрими» жана башкалар циклдик берүүлөрдү негиздеген.

Элүүдөн ашык радиопостановкаларды түзгөн. Радионун 60 жылдыгына карата Респ-бызда радионун пайда болуш жана өнүгүш таржымалы тууралуу «Оводогу жаңырык китеби» жарык көргөн (1991). Е. 15 китептин («Эмгек учкуну», 1977; «Мезгил чабыты», 1979 жана башкалар) автору. Котормочу катары да белгилүү. 1991жылдан персоналдык пенсияда. Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 645, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу