Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бишкегим

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Бишкегим
СөзүК. Урманбетов
ОбонуС. Жумалиев
АткаруучуК. Турапов

Ала-Тоого кыргыз конгондо,
Айланып сен жылдыз борборго.
Ак жолтойлуу үйгө айландың,
Арга барбы сүйбөй койгонго.

Кайырма
Бишкегим, Бишкегим, борборум сен,
Бүтүндөй жүрөккө орнодуң сен.
Бактылуу сеземин түшкө кирсең,
Бар болгун, бар болгун Бишкегим сен.

Көргөндөрдүн көзү күйгөн жер,
Көкөлөтүп көбү сүйгөн жер.
Келип сенден бакыт табышат,
Кең дүйнөгө батпай жүргөндөр.

Кайырма

Тагдыр күтүп достук шаарындай,
Жагыласын өмүр шамындай.
Жүрөгүмдүн оту барында,
Жүрө албаймын сени сагынбай.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 3182, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-03-01, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу