Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бейшеев Закон

Баш барак | Биографиялар | Бейшеев Закон

(1936-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Саруу айылы) - инженергеолог, журналист, кыргыздын тунгуч энциклопедиячыларынын бири, Кыргыз Республиканын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1994). 1958-жылы Фрунзе политехника институтунун тоо-кен жана геология факультетин бүтүргөн. 1958— 71-жылы Кыргыз геология башкармасынын тармагында геолог, отряд жетекчиси болуп иштеген. 1972-жылдан Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясында илимий редактор, улук илимий редактор, жооптуу катчы, Башкы редакторго орун басар. Б. кыргыз элинин тарыхындагы алгачкы көп томдуу улуттук-универсал энциклопедияны түзүүгө жигердүү катышкан жана аны жарыкка чыгарууну уюштуруучулардан. «Манас» энциклопедиясын даярдап чыгаруу демилгесин көтөрүп чыккан жана аны ишке ашырууну уюштуруу боюнча ийгиликтүү эмгектенген. Республикада туруктуу иштей турган илимий-маалыматтама басмасынын негизин түзүп, калыптандырууда жана энциклопедиялык басылмаларды чыгарууда Б-дин сиңирген эмгеги зор. Техникалык жана окуу китептеринен котормолору бар. Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 547, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу