Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балык уулу Кумар (Балык ооз)

Ма
насчылар жөнүндө кеп кылганыбызда алардын алптарынын катарында Балык (Бекмурат) Кумар уулу да турат. Ал 1799-жылы Таласта туулган. Атасынан эрте жетим калгандыктан, көп оокат үчүн малай болуп иштейт. Ал эмгекти сүйгөн. Соку жанчууга өтө уста болуп, бир буум тарууну көз ачып-жумганча актап койгон. Туугандары Сокучу болбой эле башка иш кылсаңчы дешсе, анда ал Тердеп, чаң болуп, адал эмгек кылганды артык көрөм - деп жооп берчү экен. 13-14-жашынан баштап ырларды, жомокторду айта баштаган, 20 жашында кадимки ырчылар катарында элге таанылган. Кокон хандыгынын тушунда Таластагы бай-манаптар Балыкты Олуя-Ата (азыркы Тараз) улугуна тартуу катарында кызматчы кылып беришкен. Өзүнүн тирикарактыгы менен Балык улукка жагып калат, аны үч койчута кошуп, зекетке жыйылган койлорду Наманганга айдатат. Койлорду аман-эсен жерине жеткирип. Намангандын улуу улугу Кушубекти мактап ырдап, Манас айтып берет. Кушубек аны аябай жактырып, астына ат тартуулап, үстүнө тон кийгизип, Таластагы Ажыбек датка менен Бүргө баатырга Балыкты жакшы күткүлө деп буйрук жиберет. Ошол мезгилден баштап Балыктын өзүнчө турмушу башталат. Өзүнүн акындыгы жана акылмандыгынын аркасында бат эле Таласка кадырман болот. Ажыбек, Бүргө анын кеңешисиз иш кылышпайт. Барган сайын акындыгы күчөп, атак-даңкы түмөн кыргыз элине жайылат. Кыргыздын Чүйдөгү атактуу манаптарынын бири Байтик да аны жанына чакырат. Бирок, Балык өзү туулуп өскөн жери - кереметтүү Таласты элин таштап кете албайт, бир-эки жылы ана кетем, мына кетем, деп жүрөт. Байтиктен экинчи жолу киши келгенде, таластыктардан ыраазычылык алып. Чүйгө көчүп кетет.



Акын Таластан көчкөндө, Ажыбек датка менен коштошуп, төмөнкү ырды ырдаган:

Кой сурасам, төө берген,

Ажыбек атам, аман бол.

Суу сурасам, бал берген,

Суусар эне, аман бол!

Кадырлаш Бүргө баатырым,

Кош аман бол, көргүчө!

Жалпы-жайык калың эл,

Эсен тургун өлгүчө!



Балыктын негизги кесиби Манасчылык болсо, экинчи орунда жамакчылыгы болгон, санжыра айткан. Манасты кимден үйрөнгөндүгү жөнүндө так маалымат жок, бирок жомокчулугун түш көрүү менен байланыштырган. Анын варианттарынан Таласты мактоо, Манастын кээ бир кийимдери, Манастын күмбөзү деген үзүндүлөрдү уулу Найман байдын жана Сулайман Рыскулбек уулунун айтуусунда 1923-жылы К. Мифтаков жазып алган. Манасчынын мүнөзү катаал, айтканынан кайтпаган, көздөгөнүн бербеген көк, кыска бойлуу, жоон көөдөндүү, оозу балыктыкындай чоң, манасчылыкты, ырчылыкты бирдей алып жүргөн баатыр мүнөз киши болгон.



Акындыгы өтө күчтүү болгон. Окуяны уккан кишидей эмес, Манас менен бирге жүргөндөй, өзү кошо катышкандай айтчу, дешет. Байтик өлгөндөн кийин Кочкорго көчүп барып. Шамен манап менен каршылаша кетип, кайра Чүйгө көчүп кеткен.

Балык 1887-жылы Арчалуудан дүйнөдөн кайткан.
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 2288, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо