Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Айтбаев Сыдыгалы

Баш барак | Биографиялар | Айтбаев Сыдыгалы

Айтбаев Сыдыгалы(1909, Кочкор району, Кара-Суу айылы - 1986, ошол эле жер) - мамлекеттик ишмер. 1940-жылдан КПСС мүчөсү. 1930-жылы Бишкектеги айыл чарба техникумун бүткөн. 1930-32-жылы Ат-Башы, Кочкор райондорунда агроном, 1933—35-жылы Кочкор райондук жыйюноочу машина станциясынын директору, жер боюнча бөлүм башчы, 1935-жылы Кочкор райондук эмгекчилер депутаттар Кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, 1936-жылы Чаткал райондук эмгекчилер депутаттар Кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары. 1940—42-жылы Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин алдындагы радиокомитетинин жооптуу редактору. 1942—43-жылы Ак-Талаа районунда МТСтин директору, Кыргызстан КП Тянь-Шань обкомунун айыл чарба бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчы. 1947-жылы Кыргызстан КП Чолпон райкомунун 1-катчысы, 1949—50-жылы Кыргызстан КП Тянь-Шань обкомунун 2-катчысы, 1950-52-жылы Ысык-Көл облустук Эмгекчилер депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы. 1952—55-жылы Кыргызстан КП Ысык-Көл обкомунун 1-катчысы, 1956-61-жылы Тянь-Шань облустук Эмгекчилер депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы.

1961—77-жылы Кочкор районунда чарбалык жетекчи кызматтарда иштеген. СССР Жогорку Кеңешинин (1954—58), Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин (1955—59) депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, 2 «Ардак белгаси» ордендери, медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 774, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу