TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ысык-көлдө төрт мезгил (ыр)

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2024-03-21 09:25:08 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2024-03-21 09:25:08

Макаланын тарыхына кайтуу

Ысык-көлдө төрт мезгил (ыр)
АвторАлыкул Осмонов
ДатаБелгисиз
ЖериБелгисиз

Жазын көрдүм, Ысык-Көлдө жаз жыргал,
Тирүүлүктө көлдүн жазын көрүп кал.
Куулар кетип, жаңы кетип аңырлар,
Бүрүн жарып, гүлдөр кезде кайың, тал.

Катар, катар сабын түзүп турна өтөт,
Карлар эрип, кырлар жашыл, талаа көк,
Кара торгой таңдайынан үн безеп.
Үпүп учуп көңүлүңдү көтөрөт.

Таңды кечке тракторлор татырлап,
Кошко кирип, соко жиреп семиз ат.
Колхозчулар жаз келди деп кубанып,
Колго тиет багынычтуу көп кызмат.

Жайын көрдүм, күңгөй, тескей жайкалып,
Мал тоюнган жайлоо кезин айталык.
Сугат, отоо, апийимди суюлтуу,
Кандай сонун, кандай кызык чөп чабык.

Түш мезгилде кымыз келет тоо жактан,
Бир кишиге бир бир керме аяктан.
Күлкү... шылдың... тамашалоо өз ара,
Кандай жумуш, кантип түтөт каяктан!