TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыдырганов Жеңиш

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-27 14:48:27 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-27 06:20:55

Макаланын тарыхына кайтуу

(1945-жылы туулган, Ак-Суу району, Ичке-Жергез айылы) - спортсмен, Кыргыз мамлекеттик физкультура институтун бүткөн (1983). СССР спортунун мастери (1967; классикалык күрөш боюнча), СССР спортунун ардактуу мастери (1975), Кыргыз Республиканын классикалык күрөш боюнча 10 жолку чемпиону (1966-76), улуттук категориядагы судья (1990). 1964—65-жылы Бишкектеги 1 автобазада слесарь, 1965—76-жылы Кыргыз Республиканын «Эмгек резервдери» ыктыярдуу спорт коомунун машыктыргыч-окутуучу, 1976—79-жылы Бишкектеги Н. К. Крупская атындагы спорттук жатак мектепте (азыркы олимпиадалык) машьпстыргыч-окутуучу, 1979—84-жылы Ысык-Көл облспорткомитетинин төрагасынын орун басары, 1984—90-жылы Ысык-Көл облустук спорт мектебинин директору, 1990-жылдан Ысык-Көл облустук балдар-өспүрүмдөр мектебинин улук-усулчусу. Эл аралык турнирлердин көп жолку (Швеция, 1972; Иран, 1973; Египет, 1974; Түркия, 1975), Прибалтика кубогунун (1973), СССР элдеринин (1967, 1971; 1975) спартакиадасынын катышуучусу жана жеңүүчүсү. Кыргыз Республиканын элге билим берүү отличниги (1993).