Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыдырганов Жеңиш

Баш барак | Биографиялар | Кыдырганов Жеңиш

(1945-жылы туулган, Ак-Суу району, Ичке-Жергез айылы) - спортсмен, Кыргыз мамлекеттик физкультура институтун бүткөн (1983). СССР спортунун мастери (1967; классикалык күрөш боюнча), СССР спортунун ардактуу мастери (1975), Кыргыз Республиканын классикалык күрөш боюнча 10 жолку чемпиону (1966-76), улуттук категориядагы судья (1990). 1964—65-жылы Бишкектеги 1 автобазада слесарь, 1965—76-жылы Кыргыз Республиканын «Эмгек резервдери» ыктыярдуу спорт коомунун машыктыргыч-окутуучу, 1976—79-жылы Бишкектеги Н. К. Крупская атындагы спорттук жатак мектепте (азыркы олимпиадалык) машьпстыргыч-окутуучу, 1979—84-жылы Ысык-Көл облспорткомитетинин төрагасынын орун басары, 1984—90-жылы Ысык-Көл облустук спорт мектебинин директору, 1990-жылдан Ысык-Көл облустук балдар-өспүрүмдөр мектебинин улук-усулчусу. Эл аралык турнирлердин көп жолку (Швеция, 1972; Иран, 1973; Египет, 1974; Түркия, 1975), Прибалтика кубогунун (1973), СССР элдеринин (1967, 1971; 1975) спартакиадасынын катышуучусу жана жеңүүчүсү. Кыргыз Республиканын элге билим берүү отличниги (1993).

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 430, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу