Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жегичтер

Баш барак | Башкалар | Жегичтер

Жегичтер (орусча щёлочь) — Менделеевдин мезгилдик системасынын I, II тобундагы жегич жана жегич жер металлдарынын суу кычкылдары (химиялык элементтер).

Жегич металлдардын (литий, натрий, калий, рубидий, цезий, франций) жана жегич жер металлдардын (кальций магний) катиону менен гидроксил тобунан (ОН) пайда болот, мисалы, КОН, NаОН, Са(ОН)2. Жегичтер өсүмдүк жана жаныбар тканын бузуп, жеп кетет, ысытканда фарфор, айнекти да эритет, металл буюмдарын күчтүү коррозияга чалдыктырат.

Өнөр жайда көбүнчө жегич натрий, каустикалык сода, самын кайнатуу, тери, целлюлозаны иштетүү, дары-дармек даярдоодо жана башкада, айыл чарбасында минералдык жер семирткич катары колдонулат. Жегичтүү реакциясы бар шакар заты (К2СОз) хлор, терс таасир берүүчү өсүмдүктөр үчүн калийдин булагы катары колдонулуп, кычкыл топурактын кычкылдуулугун азайтат.

Кычкыл топуракты акилөөдө курамында СаО, Са(ОН)2, Са-СОз жана башка болгон аки таштуу жер семирткичтер колдонулат. Бул заттар топурак эритиндисин жегичтүү кылып, акырындап эригенден кийин топурактын сиңимдүү комплекси менен реакцияга кирет. Содалуу шор топуракта болуп, топурактын касиетин жана эгилме өсүмдүктөрдүн өсүшүн начарлаткан натрий карбонаты менен гидрокарбонаты (Nа2С03, Н2СОз) да жегичтерге кирет.

Жайгаштыруу: 2023-11-22, Көрүүлөр: 360, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу