TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жылкынын этинен бешбармак

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2017-08-30 06:15:48 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2017-08-30 06:14:36

Макаланын тарыхына кайтуу

Жылкынын тууралган эти кыргызда өткөрө барктуу. Себеби, тууралган соң ал жегиликтүү, ары даамдуу болуп чыга келет. Камыр (кесме), чык кошулса ого бетер даамына чыгат. Анан калса аны тууроо да алда канча оңой.

Жылкынын этин бышканда чыгарып, жылуу туурайт. Эгер сөөгү чагылган болсо шорпосун тундуруп алып, ага орто зубала камырдын кесмесин салып, бышканда чыгарып, тууралган эттин үстүнө салат да, мурдатан даярдалган чыкты куюп аралаштырат. Үстүнө жал, жая жана картаны бөртө туурайт да дасторконго коёт.