TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жазма баян

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2017-08-16 17:25:04 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2017-08-16 08:18:13

Макаланын тарыхына кайтуу

Энесайлык кыргыздардын эң баалуу рухий байлыгы - алардын башка көчмөн уруулардан мурда жазмасы болгон дугу. Франциянын тарыхчысы Ша-вумуни: "Тээ, жаңы эранын бешинчи кылымында эле кыргыздар орхон-энесай жазу-усун колдонгон" деп айтканы акыйкат сөз.

Ошондой болсо да кыргыздардын арасында түрк кысымына чейин да, кийин да, IX кылымда руна өз жазуусун калың элге окутуу жүргүзүлө баштаган. Кытай, түрк уйгур тилин билген кыргыздардын ичинен чыккан бектер, элчилер жана бакшылар улуттун маданий мурастарын үгүттөп киришкен. VIII кылымда Түрк кагандыгы кыргыз жазмасынын негизинде руна жазмасын өздөштүрүп, кыргыздарга күчтөп түрк жазуусун жана тилин зордоп окутушкан. Ордо жеринде кыргызча кат жазууга жана сүйлөөгө тыюу салынган. Кыргыздар руна жазуусун кыйынчылыкка карабай XII кылымга чейин сактап келген.