TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жамгырчиев Жума

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-23 14:29:42 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-23 09:43:22

Макаланын тарыхына кайтуу

“Жамгырчиев Жума” – 1906-жылы, Ысык-Көл өрөөнүнүн Тоң болушунда (учурдагы Тоң району) Көк-Сай айылында туулган. – акын, 1916-жылкы Үркүндө эл менен бирге Кытайга барып, Ниязмаш деген уйгур байындын колунда эки жыл малай болуп жан баккан. 1918-жылы Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна кайтып келип, 1919-жылы айыл ликбезинде, 1922–1925-жылдары Ташкенде САКУда окуган. 1929-жылы Кыргыз педагогикалык техникумун бүтүрүп, 1929–1935-жылдары Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатында иштеген. Жалал-Абад педтехникумунун директору, 1935-жылдан Ош облусундагы советтик-партиялык мектепте, Өзбекстандын Анжиян шаарындагы кыргыз-уйгур мектебинде, 1939–1941-жылдары Оштогу эки жылдык мугалимдер институтунда, 1941–1942-жылдары Тоң районундагы орто мектепте мугалим кесибин аркалаган. Жамгырчиев техникумда окуп жүргөндө эле ыр жазган. 1931-жылы «Ырлар жыйнагы» аттуу алгачкы китеби жарыкка чыккан. Анда акындын 1939-жылга чейин жазган ырлары топтолгон. 1959-жылы «Таңкы жарык», 1975-жылы «Ырлар» аттуу ыр жыйнактары акындын көзү өткөндөн кийин жарык көргөн. Ырларынын тематикасы – чындык, айкындык, аялдар затынын азаттыгы, жөнөкөй элдин эркиндиги-боштондугу, жаштардын билимге умтулуусу болгон. “Жамгырчиев Жума” 1944-жылы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон.