TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаа бойрок

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2017-10-24 14:31:46 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2017-10-24 06:10:25

Макаланын тарыхына кайтуу

Бул жүнү кыркылбаган улакты союп, карчыганын кош канатын, кыр аркасын, бөйрөк майын албай, чалкасынан казанга салып бышыруу.

Ошондо бөйрөк май карчыганын майына сиңип бышат. Албетте, май жегичтерге андан бетер ширелүү жана жегиликтүү келет. Күздөгү кыркылбаган улактын этинин дарылык касиети бар. "Ата-а, кыркылбаган улактын этин жесек..." деп таңсык кылышат. Мында жаабөйрөк эттеги эрмендин даамы, жыты эске түшүп турат.