TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Туратбеков Досалы

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-27 14:49:51 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-27 07:17:57

Макаланын тарыхына кайтуу

(1903-ж., Каракол уезди, Сабатар айылы, азыркы Ак-Суу району, Боз-Булуң айылы) - мамлекеттик жана партиялык ишмер. 1929-жылдан КПСС мүчөсү. Орто Азия коммунисттик ун-тинин 2 курсун, Орто Азия пахта институтунун 1 курсун, КПСС БКнын алдындагы жетектөөчү кадрларды кайра даярдоочу курсту бүткөн. Эмгек жолун жер комитетинде иштеп баштаган. 1933—39-жылы Ат-Башы, Киров (Кара-Буура району), Ысык-Көл райондук партия комитеттеринин 1-катчысы. 1939-жылдан Кыргызстан КП(б) БКнын айыл чарба бөлүмүнүн башчысына орун басар, Ысык-Көл облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1942—44-жылы Республиканын жер бча эл комиссары. 1944—50-жылы Фрунзе облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы.

1950-59ж. Республиканын совхоздор боюнча министри, айыл чарба министринин орун басары. 1960— 64-жылы Москвада иштеген (Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн «Кыргыз ССРи» повильонунун директору). 1964-жылдан пенсияда. Эки Эмгек Кызыл Туу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.