TYUP.NET
Катталуу Кирүү

термелет, бешик термелет

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-20 10:43:14 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-20 08:32:38

Макаланын тарыхына кайтуу

Созу Т. Кожомбердиевдики

Обону М. Рыскулбековдуку

Тектирден салкын жел келет,

Теректин учу сермелет.

Толгонай эне ыр ырдап,

Токтоосуз бешик термелет.

Алыстан тоолор керилип,

Ай жылат аран, эринип.

Упчуну эмген баладай,

Уйкуга баары берилип.

Жылдыздар тегиз жагылып,

Жыбылжып нуру агылып.

Опкулойт уулун энеси,

Опкосу, боору чабылып.

Осо кор уулум эр жетип,

Ааламга колун сермелип!

Уктабайт эне бир гана,

Дуйнону жалгыз терметип.