TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Темиркул Үмөталиев (1908-1991)

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-23 06:05:41 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-23 07:39:56

Макаланын тарыхына кайтуу

Ырларын балдар сүйүп окуган акындардын бири Темиркул Үмөталиев Жалал-абад облусунун Аксы районунун Тоожар кыштоосунда кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал 10 жашка чыкканда атасы каза болуп, Темиркул бир туугандары менен чоң атасынын колунда калат.

Жанын багуу үчүн байдын коюн кайтарат. Он алты жашка караган кезде жетим балдар үйүнө кабыл алынып, билим ала баштайт. Өзү билим алгандан кийин башка адамдардын сабатсыздыгын жойдурууга жардам берет.

Ошол жылдары ал Москва жана Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) шаарларына экскурсияга барат. Чоң шаарларды көрүп абдан таң калат. Бул саякат ага чоң дем берет. Өз жерине кайтып келип, элдин турмуш деңгээлин жакшыртуу үчүн күрөшкө активдүү аралаша баштайт.

Алгачкы ырларын жазат, анда совет бийлиги, тууган жери, партия, ага абдан зор таасир калтырган алыстагы зор, кооз шаарлар жөнүндө чоң эргүү менен баяндайт. Фрунзе шаарына (азыркы Бишкек) келип, ал өзүнүн чыгармачылыгын улантуу менен комсомолдук жана басма иштеринде иштейт. Анын биринчи ырлар жыйнагы басмадан жарык көрөт.

Темиркул Үмөталиев балдарга арнап ыр жазган алгачкы акындардын бири. Негизи жомоктон алынган Токтомуш мерген, Алп каракуш, Ач коз, Күч бирдикте сыяктуу ыр, поэмалары колдон түшпөй окулуп келе жаткан китептер. Темиркул Үмөталиев Улуу Ата Мекендик согуштун башынан аягына чейин каарман жоокер катары фашисттик баскынчыларга каршы салгылашкан.

Согушта коргон кыйынчылыктар, элдин азап-тозогу, жоокерлердин эрдиктери акындын талантын ого бетер курчутту. Ал баатыр жолдошторунун эрдиги тууралуу көп ыр, поэмаларды жаратты. Мисалы, ошондой баатырлардын бири Кубат Жуматаев. Ал фашисттер менен болгон теңдешсиз салгылаштын биринде жолдоштору окко учуп, жалгыз калат.

Кубат белине гранаталарды байлап, келе жаткан танканын астына боюн таштап, баатырдык менен курман болот. Согуштан кийинки жылдарда да ал согуш жана тынчтык, эмгек жөнүндө көп чыгармаларды жараткан. Т. Үмөталиев прозалык жанрда да иштеп, аңгемелерди, эскерүүлөрдү, очерктерди да жазган. Көп акын жазуучулардын ырларын кыргыз тилине которгон. Анын бир көптөгөн ырларын окуу китептеринен жана өзү жазган китептерден окусаңар болот.