TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тай эти

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2017-08-23 09:15:38 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2017-08-23 07:25:02

Макаланын тарыхына кайтуу

"Тай эти" күчтүү, тамак катары белгилүү. Дарычылык катары, териси адамдарды түтөктөн сактайт. Мурундан кан түтөктөгөндө мурунду ат жалынын алдына катып, бир аз тер менен дем алып турганда мурун каны басылат, дароо адам өз абалына келип, чыйрала түшөт.

Мындайда адам өзүнүн тер тебетейин жыттаган учурлар да болот. "Кой короо колоңсо жыттанып калды" - деп урматтууларга тай, жабагы, ээми турган кулун союу салты жеринен бар, тай эти күл азык. Аны карыялар мындайча баяндайт: "тай эти" сөөгүнөн шылынат.



Бычак сыртындай жукалап кесилет. Аны түндөсү канынын шүйшүнүн качыра желдетет. Күндүзү алдына жалбыз төшөп, үстүнө чий жайып ар бир тилимин бири-бирине беттебей, тийгизбей, курт, чымын жолотпой кургатат. Өрүк кагы сымал катуу кургаган этти жаргылчакка тартат. Салмагына салмак талкан кошуп аралаштырат.



Талаа-түздө жүргөндө бул күлазык болуп эсептелет. Муну ысык сууга өлчөмү менен чалганда укмуштай даам берип, ток болот. Аябай кордогон бозого талкан умачтайт. Бул да күл азык. Мында бир табак ысык сууга бир кашыгын салса, көбүргөн-жабырган аш болумдуу тамак келип чыгат.



"Тай эти" ушундай касиеттерге ээ экен, кошумча маалыматтарыңар болсо пикир калтырып жазып койгула.