TYUP.NET
Катталуу Кирүү

селкиге кат

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-20 14:45:17 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-20 06:48:54

Макаланын тарыхына кайтуу

Турмуштун тунук (ии) дайрасын (ии),

Толкутуп бирге (ии) кечели.

Тагдырдын сыры табышмак,

Туйунун бирге (ии) чечели.

Таалайлуу адам болду деп (ии),

Суйгонум, тандагы гулдой отолу.

Океандай мелмилдеп,

Оюмда терен, (ии) сыр жатат.

Сендеги назик (ии) жаш кыял

Суйуунун дартын (ии) ырбатат.

Озундон куткон тилегим,

Суйгонум, билбедим качан (ой) ишке ашат.

Санаамдан кетпей ар убак,

Сагынып жаздым бул катты.

Жашчылык чиркин (ии), чыдатпай,

Жалындатып сыздатты.

Омурлукко (ээ) сыйлашып,

Суйгонум, откорсок кантет кызматты.

Жазылган каттын (ээ) ичинде

Жалыны бар (ии) денемдин.

Жете билбей кадырга,

Женил бир баалайт дебегин.

Унутпаска шерт кылып,

Суйгонум, ушул бир катты (оо) беремин.