TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сайсагызган

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2017-08-24 09:24:34 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2017-08-24 08:27:59

Макаланын тарыхына кайтуу

"Сайсагызган" сайда экен, сан жылкы колхоз байда экен... деген ырды угабыз. Сайсагызган жаны жай албаган, боз таркылдактын көлөмүндөй куш - дейт. Бул Таласта, Кетмен-Тободо, Чаткалда, Алай-Куу тарапта кездешет.

Кудай акы, аны көрбөппүз. Ал өтө сак, атып алуу да кыйын дешет. Даана таанып, колго бир тийсе, жаңы гана саалган бээнин сүтүнө бир түн, бир күн койсо, кара көгүш нерсе сүткө калкып чыгат имиш. Аны жешке болбойт. Ал уу болуп эсептелет. Мына ошондон соң жүнүн жулуп, таза союп, ичеги-кардын алып, куйкалап, эки ташка асты-үстү жалпайта бастырып, жатак алдырат. Анан эки сокмо чийди ортосунда шамалга мээлүүн кургатат. Ал бир жарым ай чамасында как болуп калат. Аны да тай этиндей жаргылчакка тартат. Мына ушундай "Сайсагызган".