TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Райкан Шүкүрбеков (1913-1962)

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-23 10:09:51 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-23 10:50:46

Макаланын тарыхына кайтуу

Райкан Шүкүрбеков (1913-1962)Акын, драматург Р. Шүкүрбеков 1913-жылы Талас облусунун Кара-буура районуна караштуу, Ак-Чий айылында туулган. Ата-энеси жөнөкөй малчы адамдар болгон экен. Ата-энесинен эрте ажырап 1928-жылга чейин Жамбыл балдар үйүндө тарбияланып, кат-сабатка үйрөнгөн.



1928-жылы Фрунзе шаарына келип татар мектебинде билим алат. 1933-жылы Фрунзе шаарынын Кыргыз педагогикалык техникумун бүтүргөн.



1933-1953-жылдары Кыргыз драма театрда артист болуп иштеген. 1938-жылдан баштап өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз мамлекеттик филармониясынын адабият бөлүмүндө башкаруучу болуп эмгектенген.



Улуу Ата мекендик согуш жылдары фронтто болуп, 1943-жылы оор жарадар болгон соң Мекенге майып болуп кайтат.



Эн биринчи Жаркынай аттуу ангемеси 1929-жылы журнал бетине жарыяланган. Анын алгачкы Тоо элинин баатыры деген ат менен 1916-жылдагы Үркүн тарыхый окуясына арналган китеби 1936-жылы басылып, жарык көргөн.



Акындын чыгармаларынын олуттуу ордун драматургия ээлеген. 1934-жылы Кыргыз драма театрында анын биринчи көп акттуу Күрөш пъесасы коюлуп, башкы ролдордун биринде өзү да рол аткарган. Кыргыз драматургиясынын, асыресе комедия жанрынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.



Анын Күрөш пъесасы, Бейиш арасында пъесасы, кыргыз айылынын колхоз жашоосу жөнүндөгү Айдар чыгармасы, Жапалак Жатпасов аттуу комедиясы көптөгөн театрларда коюлуп туруучу.



1959-жылы Р. Шүкүрбеков Токтогул Сатылгановго арналган чоң, көп акттуу Акындын үмүтү аттуу дарамасын жаратат. Ошондой эле Шукурбеков кыргыз эстрадасына арналган интермедиялардын да автору. Таланттуу сатирик, чебер лирик катары да эл арасында кадыр баркка ээ. Балдар үчүн да көптөгөн чыгармаларды жараткан автор катары белгилүү.



Орус жана башка элдердин жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон котормочу да болуучу. Мисалы: Фирдоуси, А. Грибоедов, И. Крылов, М. Горький, В. Шиллер, Мольер жана башкалардын чыгармаларын которгон.



Эмгек Кызыл Туу орденинин, Кыргыз ССРинин Жогорку Кенешинин грамотасынын, Улуу Ата Мекендик согуштагы Германияны жеңгени үчүн медалы жана башка көптөгөн медалдардын ээси.



1942-жылдан тартып КПССтин мүчөсү, 1936-жылдан тартып СП СССРдин мүчөсү.



Ошондой эле Райкан Шүкүрбековдун чыгармалары Орус жана Поляктардын тилине которулган.



Райканды жакын адамдары анын ошол кездеги кыргыз элинин ар бир үйүндө билээрин, жана анын тамсилдеринин жылмаю менен эстешет, анткени анын чыгармалары чыныгы күлкүнү жана аярлыкты сездирчү.



1962-жылы Райкан Шүкүрбеков 49 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.



Акындарды күнөөлөйбүз ичет деп,

А канча ичет - ал ар кимдин өз эрки.

Тактап айтсак элге алардан не керек?

Таасир берген окурманга - сөз көркү.



Кичинеден өлчөп ичкен дурус да,

Кимдин күчү жетет андай кылышка?

Рахмат деп арак менен коштошуп,

Ракебиз өткөн экен кымызга.



Качан болсо сатиранын каймагын,

Калпып жазган ким эле? - Ал Райкан.

Ажыратып ак-карасын таамайлап,

Айтып жазган ким эле? - Ал Райкан.



Жалкоолорду, жатып ичер, жегичти,

Жанчып жазган ким эле? - Ал Райкан.

Ак чүчтөрдөн, мансапкордон тайманбай,

Ачык жазган ким эле? - Ал Райкан.



Комедия жанрында чоң салым,

Ракебиз, кошкондордун, бири эле.

Ал жараткан пъесалар коюлса,

Көрүп алып, боорун катчу тим эле.



Кыргыз тилиндеги чыгармалары:

Тоо элинин баатыры: Повесть, 1936-жыл, (127бет)

Салам кат: 1950-жыл, (12бет)

Эки бөжөк: Жомок, 1956-жыл, (21бет)

Ырлар жана тамсилдер, 1957-жыл, (207бет)

АлаТоо жаңырыгы: Ырлар жана тамсилдер, 1958-жыл, (223бет)

Аңгемелер, 1958-жыл, (27бет)

Кыргыз тоосунда, 1958-жыл, (24бет)

Иттин жомогу, 1960-жыл, (19бет)

Карга: Сатира, 1960-жыл, (15бет)

Түлкү менен теке, жомок, 1960-жыл, (15бет)

Ырлар жыйнагы, 1961-жыл, (292бет)

Тандалган ырлар, 1963-жыл, (380бет)

Балдарга: Ырлар, жомоктор, аңгемелер жана пьеса, 1964-жыл, (120бет)

Жарыяланбаган чыгармалар, 1965-жыл, (152бет)

Пьесалар: Комедиялар жана драма, 1967-жыл, (284бет)

Тоо элинин баатыры: Повесть, 1969-жыл, (108бет)

Райкандын интермедиялары,1971-жыл, (123бет)

Камкаймак: Повесттер жана ырлар, 1973-жыл, (240бет)

Жинди суу: Поэма, 1975-жыл, (17бет)

Эки бөжөк. Жомок, 1976-жыл, (13бет)

Чыгармалар: Ырлар, интермедиялар, ангемелер, 1977-жыл, (122бет)

Пьесалар жана интермедиялар, 1980-жыл, (312бет)

Ырлар жана тамсилдер, 1983-жыл, (136бет)

Термелер: Ырлар, 1985-жыл, (112бет)

Эки эчки: Тамсил, жомоктор, 1985-жыл, (24бет) кыргызча жана орусча

Райкан: Ырлар, термелер, сатиралар, 1987-жыл, (240бет)



Орус тилинде:

Эки бөжөк: Жомок, 1956-жыл, (26бет)

АлаТоо жаңырыгы: Ырлар, 1958-жыл, (183бет)

Тянь-Шань жанырыгы, 1958-жыл, (55бет)

Түлкү менен теке, жомок, 1959-жыл, (16бет)

Карга: Сатира, 1960-жыл, (15бет)

Эки бөжөк. Жомок, 1960-жыл, (23бет)

Ырда комуз, ырлар жынагы, 1962-жыл, (180бет)

Эки бөжөк: Жомок, 1977-жыл, (12бет)



Поляк тилинде:

Эки бөжөк: Жомок, 1981-жыл, (14бет)



Котормолору:

Грибоедов А. С. Горе от ума: 1947-жыл, (147бет)

Крылов И. А. Тамсилдер, 1956жыл, (144бет)

Горький М. Песня о Буревестнике, 1957-жыл, (7бет)

Афган акындары, 1958-жыл, (29бет)

Фирдоуси. ШахНамэ: 1958-жыл, (243бет)

Фирдоуси. Рустем Дастан, 1960-жыл, (183бет)

Фирдоуси. Шахнамэ, 1961-жыл, (265бет)

Крылов И. А. Тамсилдер, 1973-жыл, (40бет)

Грибоедов А. С. Горе от ума: 1976-жыл, (123бет)

Крылов И. А. Тамсилдер, 1977-жыл, (72бет)

Крылов И. А. Ийнелик жана кумурска: Тамсилдер, 1979-жыл, (44бет)

Крылов И. А. Ийнелик жана кумурска: Тамсилдер, 1982-жыл, (14бет)