TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Накыл

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2017-08-11 06:06:39 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2017-08-10 07:56:45

Макаланын тарыхына кайтуу

Урматтуу колдонуучу, байыркы "накыл" сага гана. Сен касиеттүү кыргыздын баласы экендигиңди эсте, ата тарыхы байыртан үзүлбөй келе жатканын тут, ата конушун тааны. Эмне үчүн булак башаты соолбой, тамырыбыз куурабай келатканын бил.

Кылым карытып, ары-бери дүрбөп эптеп эле жашап, жан багып келаткан бечел эл эместигин сез. Бул ата-бабанын зээни, рухий дүйнөсүнүн, маданиятынын сыйкырдуу күчү Жер-Эненин, Теңирдин касиети менен бирге экендигин түк унута көрбө. Сен башка элден кыйын же өзгөчө эмессиң, эгер тегиңди билсең, өзүңдү башкалардан кем санабайсың жана башкаларды өзүңдөй көрөсүң. Бул айтылган байыркы кыргыз "накыл" дайыма сенин жардамчын болот.