TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Каниметов Абдылда

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-23 07:56:31 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-23 09:06:10

Макаланын тарыхына кайтуу

Каниметов АбдылдаКаниметов Абдылда 1928-жылы Жети-Огуз районундагы Шалбаа айылында туулган. Тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, профессор. 1950-жылы МГУну буткон. Эмгек жолун 1950-1955-жылдары Кыргызстандын Илимдер Академиясында илимий кызматкер болуп баштаган. А. Каниметов 1955-1959-жылдары Кыргызстан КП БКга караштуу Республикалык партия мектебинде окутуучу, кафедра башчысы, директордун орун басары кызматында иштеген.



1958-1961-жылдары Кыргызстандын КП БКнын илим, мектеп ошондой эле жогорку окуу жайлар болумунун башчысы. 1961-1962-жылдары Кыргыз ССР Министерлер Советине караштуу жогорку ошонодой эле атайын орто билим беруу боюнча комитеттин торагасы болуп, 1962-жылдан 1977-жылга чейин Кыргыз ССР элге билим беруу министринин кызматында турган.



1977-1988-жылдары Кыргызстандын Илимдер Академиясынын Тарых институтунун директору, 1989-жылдан ошол эле институтта жетектоочу илимий кызматкер. 40ка жакын монографиянын, окуу китептеринин, 200дой макаланын автору. Ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 6-9 шайланышынын (1962-1979-ж.) депутаты. Уч Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ошондой эле медалдар менен сыйланган.