TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эшмамбет Байсейит уулу

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2017-08-23 08:38:52 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2017-08-23 10:25:11

Макаланын тарыхына кайтуу

Кеп айтпагын жаманга,
Кеңешпегин нааданга.
Кези жок жерден кекээрлеп,
Кесири тийет адамга.

Дүркүн-дүркүн дүркүндө,
Дүйнө өтөр бир күндө.
Алты күн атан болгуча,
Бир күн буура болуп зиркилде.
Өмүр, жашоо - бардыгы,
Келбейт экен бүркүмгө.
Чын акылың, жетишсе,
Чыныңды бурба күкүмгө.
Бул жашоонун чоң жолу,
Сала берет түркүмгө.
Эсиң, барда эр жигит,
Энеңдин сүтүн актагын.
Эси жок жанга акшыйып,
Эргип бекер жатпагын.
Эзелден бирге досуңдун,
Эсирип баркын сатпагын.
Асылдыктын белгиси,
Аралашпа чаң менен.
Эл үчүн жигит туулат,
Эл үчүн белиң буулат,
Эр жигит чыдайт намыска,
Элиңде кыйын иш болсо.