TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эдилбаев Каныбек

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-27 07:37:10 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-27 06:33:59

Макаланын тарыхына кайтуу

(1952-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Барскон айылы) - сынчы, Кыргыз Республиканын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1991). КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1976). Эмгек жолун 1969-жылы Жети-Өгүз районунун Барскон айылында колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1976—77-жылы Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясында илимий редактор, 1977—79-жылы «Кыргызстан маданияты» гезитинин кабарчысы, 1979-жылдан «Ала-Тоо» журналынын редакциясында бөлүм башчы, башкы редактордун орун басары. 1995-жылдан Кыргызстан Өкмөтүнө караштуу Автордук жана аралаш укуктарды коргоо боюнча мамлекеттик агентствонун директору. Макалалары 1974-жылдан жарык көрүүдө. «Сөз тагдыры» (1981), «Мезгилдин чакырыгы» (1985) аттуу китептердин жана 40тан ашуун адабий-сын макалалардын автору. Ия Стеблева, Реми Дор өңдуү илимпоздордун илимий эмгектерин, Й. Склютавускастын «Тоо жаңырткан ашуулар» повестин, Д. Досжановдун «Чөлдүн ээси» баянын жана башкалар прозалык чыгармаларды кыргыз тилине которгон.