TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бооз уйлардын (жана тууттун) гигиенасы

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-08-18 10:18:37 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-08-18 08:21:43

Макаланын тарыхына кайтуу

Алынган музоолор ар түрдүү ылаңдардан таза болушу үчүн, бооз уйларга гигиеналык жактан жакшы шарт түзүү керек. Эгерде бооз уйлар жаман шарттарда багылып, же сапатсыз тоюттар менен тоюттандырылган болсо, анда алардан туулган музоолор да начар болуп итийге чалдыгат. Уйлардын жатындагы түйүлдүктүн өсүшү үчүн уйларга бооз мезгилинин биринчи жарымында чөптү, силосту, кызылчаны көбүрөөк берип, концентраттарды азыраак беришет.

Ал эми экинчи жарымында болсо, тескерисинче чөптү жана чыктуу тоюттарды алардын рационунан азайтып, коцентраттарды көбөйтөт - анткени бул учурда жатындагы музоо үчүн белок абдан керектүү болот. Ошондой эле бооз уйларды минералдык заттар менен камсыздандыруу үчүн аларга күнүнө борду, сөөк унун, тузду айрым учурларда кээ бир микро элементтерди бердирүү керек. Витаминдүү тоюттардан кышкысын жүгөрүнүн силосун жана кызылчаны, ал эми жайкысын кок чөптү берет.

Бооз уйлар турган жайлар кенен, таза жана жарык болушу талапка ылайык. Аларды күнүнө таза абага чыгаруунун да зор мааниси бар. Эгерде күндөлүк рацион болбосо анда уйлардын организминдеги зат алмашуу процесстери начарлап ар түрдүү ооруларга туруштук көрсөтүүсү төмөндөп, туулган музоолор начар өсөт эле. Демек бооз уйлар аба ырайына карабастан күнүнө сыртка чыгарылып турат. Кышкысын короолорго , ал эми жайкысын болсо жайыттарга чыгарылат. Кокус бооз уйлар көгөргөн, чириген, тоңгон, ачып калган тоюттар менен тоюттандырылса жана алардын рационунда белоктор, минералдык заттар, витаминдер жетишсиз болсо, же алар ото муздак суу менен сугарылса, ошондой эле тар жайларда багылса анда уйлардын музоо салышы мүмкүн. Андыктан жогоруда айтылгандарды дайыма эсте тутуу зарыл.