TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Берг Лев Семенович

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-27 17:08:22 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-27 06:27:00

Макаланын тарыхына кайтуу

(1876, Бендеры, мурунку Бессарабия -1950, Ленинград) - географ жана биолог, СССР Илимдер Академиясынын академиги (1946), РСФСРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1934). 1898-жылы Москва университетин бүтүргөн. 1904-жылдан Москва, Ленинграддын илимий мекемелеринде иштеген. География институтун (1918) уюштуруучулардан, бул институтут 1925-жылы Ленинград ун-тинин географияльгк факультетине айланган. Б. анда өмүрүнүн акырына чейин физикалык география кафедрасын жетектеген. Ысык-Көлгө 1903-жылы 1-жолу саякат жасаган. 1928-жылы анын жетекчилиги менен СССР Илимдер Академиясынын кыргыз комплексинин экспедициясы иштеген. Ысык-Көлдүн жаратылышын, климатын, гидрологиясын, өзгөчө балыктарын изилдеген.

Ал башкарган экспедиция Ысык-Көлдүн тереңдигин (эң тереңи 702 м, орточо тереңи 279 м), рельефин, термикасын, суусунун көлөмүн аныктап, 1-батиметриялык картасын түзгөн. Б-дин сунушу менен Ысык-Көлгө Севан көлүнөн жилингир балыгы алып келинген. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1951). Орден, медалар менен сыйланган.