TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Аманбаев Жумгалбек

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-27 16:46:47 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-27 06:28:59

Макаланын тарыхына кайтуу

Аманбаев Жумгалбек(1945-жылы туулган, Жумгал району, Чаек айылы) - партияльпс жана мамлекеттик ишмер. К. И. Скрябин атындагы Кыргызстан айыл чарба институтун бүткөн (1966). Биология илимдеринин кандидаты (1970). Эмгек жолун 1966-жылы Тянь-Шань мал чарба тажрыйба чарбасында зоотехник болуп баштаган. 1967—70-жылы Кыргызстан мал чарба жана ветеринария илимий изилдөө институтунун аспиранты. 1970-жылы ошол эле институтта улук илимий кызматкер. 1971—73-жылы Ош облустук мамлекеттик асыл тукум станциясында директор. 1973—74-жылы Кыргызстан КПнын Ош облустук комитетинин айыл чарба бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчы. 1978-жылы Алай рндук партия комитетинде биринчи катчы.

1981-жылдан Ош облустук партия комитетинде катчы, 1985—88-жылы Кыргызстан КП БКнын катчысы. 1988-91-жылы Ысык-Көл облустук партия комитетинин биринчи катчысы. 1991-жылы Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы. 1991жылдын октябрынан Кыргызстан агроөнөр жай экономикасынын илимий изилдөө интунун директорунун орун басары, ушул эле жылдын декабрында институт жоюлгаңдан кийин Кыргыз Агробизнес борборунун кеңешчиси. 1993-жылы декабрынан Кыргыз Республиканын Вицепремьер-министри.

Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.