TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Алтымышбаев Асылбек

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-27 15:55:18 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-27 09:45:11

Макаланын тарыхына кайтуу

Алтымышбаев Асылбек[1912, Жети-Өгүз району, Калматай (Шалбаа) айылы —1987, Бишкек] - философ, Кыргызстан Илимдер Академиясынын академик (1954), философия илимдеринин доктору (1961), профессор (1962). Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн (1942). Кыргызстан БКнын алдындагы респлык партия мектебинин философия кафедрасынын башчысы (1948—49). СССР Илимдер Академиясынын Кыргызстандагы филиалынын Тил жана тарых институтунун директору (1949—50), ошол филиалдын Президиумунун төрагасына биринчи орун басар (1950—52), Кыргызстан КП БКнын илим жана маданият бөлүмүнө башчы (1952-54), Кыргызстан Илимдер Академиясынын вице президенти, философия жана укук институтунун директору (1954—66), улук илимий кызматкери (1966—75). 1975-жылдан ошол эле инттун директору болгон. А-дин илимий эмгектери Орто Азия элдеринин социалисттик мадтынын калыптануу, өнүгүү закон ченемдеринин кээ бир теориялык маселелерин, кыргыз элинин коомдуксаясий жана философиялык ойпикиринин өнүгүү тарыхын изйлдөөгө арналган. социалисттик маданий проблемалар, коомдук аң-сезимдин тарыхы жөнүндө көп эмгектери бар. 60тан ашык илимий эмгектин автору. А. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси», Эл Достугу ордендери менен сыйланган.