TYUP.NET
Катталуу Кирүү

аядым

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-20 08:51:05 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-20 09:33:50

Макаланын тарыхына кайтуу

Созу А Бегимкулованыкы

Обону А. Бедияровдуку

Жан дуйномо жагып турду жамалын,

Жалын чачып неге мынча карадын?

Жандап баспай, жалгыз кеттим садага,

Жаш экенсин, жаштыгынды аядым.

Имерилип неге мынча карадын?

Ийик сымал ийрип жибин санаанын.

Ишеничин сынбасын деп садага,

Ийнеликтей назиктигин аядым.

Карегинди кайра-кайра кададын,

Кайдан билдим менден нени самадын?

Катар баспай жалгыз кеттин садага,

Калтар сымал келбетинди аядым.

Оозун ачпай ооруп буткон жаранын,

Ойлорумду журогумо камадын.

Таарынбагын таттуу созум укпасан,

Тамчы сымал тазалыгын аядым.