TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Абдырахманов Ыбырайым

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-27 17:02:16 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-27 10:32:18

Макаланын тарыхына кайтуу

(1888, Жети-Өгүз району, Чырак айылы — 1967, Ат-Башы району, «Пограничник» айылы) - манасчы, педагог, кыргыз фольклорун жыйноочу жана изилдөөчү. 1905-жылы Караколдо татар мектебин бүтүрүп, мугалим болуп иштеген. 1939-жылы Бишкектеги мугалимдер институтун бүтүргөн. 1935—60ж. Кыргызстан Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунун илимий кызматкери. 1948-жылдан СССР жазуучулар союзунун мүчөсү. Сагымбай, Саякбай, Тоголок Молдо, А. Рысмендеев жана башкалардан «Манасты» жазып алган. Кыргыздын тарыхы жана этнографиясы жөнүндө көп макалалардын автору. «Манас» эпосу боюнча 18859 сап өзүнүн вариантын жазган (жарыкка чыккан эмес).