TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Абдраимов Самүдүн

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-27 07:22:29 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-27 07:50:09

Макаланын тарыхына кайтуу

Абдраимов Самүдүн (1944-жылы туулган, Ак-Суу району, Отуз-Уул айылы) - тоо-кен инженери, техникалык илимдин доктору (1987), профессор (1990). 1971-жылдан Кыргызстан Илимдер Академиясынын Автоматика институтунда улук инженер, кенже, улук илимий кызматкер. 1978-жылдан пресс-комплекси лабораториясынын башчысы. А. механика, машина куруу, механизм жана машина теориясы, татаал системаларды башкаруу теориясы жана практикасы тармактарында эмгектенет. Анын иштери жаңы типтеги өзгөрүлмө структуралуу механизмдерди изилдөөгө арналган. Абдраимовдун иштеринин негизинде басым аркылуу металл иштетүү үчүн пресстердин бир нече конструкциясы түзүлгөн жана жасалып чыгарылган. 100дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 5 монография), 36 ойлоп табуунун автору. Илим жана техника боюнча Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1977), Кыргыз, Республиканын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу (1983).