TYUP.NET
Катталуу
Кирүү
Мектеп жашындагы балдардын тамактануусу макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Мектеп жашындагы балдардын тамактануусу мектепте окуган убакытын эске алуу менен уюштурулат. Эртең менен окуган баланын биринчи тамактануусу мектепке чейин саат 7-7.30 да, экинчи тамактанышы мектепте саат 11-12 де, түшкү тамагы мектептен келгенде саат 15-16 да, кечки тамагы саат 20 да болушу тийиш. Түштө окуган балдар эртең менен саат 8 де, түшкү тамагын мектепке чейин саат 12-13 тө, бетттим тамагын мектепте саат 16 да, кечки тамагын үйдө саат 19-20 да ичишет. Ошондо эртең мененки азыгы күнүмдүк тамак-аштын 25%, экинчи тамактануусунда 15-20%, түшкү азык 35-40%, бешимдеги жана кечки тамагы 20 пайызга жакын өлчөмдөрдү түзөт. Окуучулар мектепте 4-6 саатка чейин жүргөндүктөн ошол убакытта бир маал тамактанбаса алардын ахвалы, ден-соолугу начарлайт. Ошондуктан мектепте ысык тамак уюштурулбаса, балага ылайык тамак салып берүү керек. 6 жашар окуучулардын тамактануусуна мектептин жетекчилери, ата-энелер чоң көңүл бурушу зарыл, себеби алар бүкүлү тамактарды жакшы өздөштүрө албайт. Бул курактагы балдарга жакшы майдаланган ботко, пюре түрүндөгү тамак-аштар, сүт азыктары, жашылчалар берилет. Балдардын өспүрүм курагы организмдин тез өсүшү-өөрчүшү менен мүнөздөлөт, ошол себептен булардын тамактануусунун сапатына көз салуу керек. Алардын тамак-ашында толук баалуу белоктор, түрлүү витаминдер болсо алардын ден-соолугу чыңдалат. Өспүрүм мезгилде балдардын жана кыздардын жыныстык жетилүүсү жүргөн соң, алардын организминин муктаждыгы айырмалана баштайт. 1-таблицада мектеп жашындагы балдарды тамактандыруучу азыктар жана алардын күнүмдүк өлчөмү грамм менен берилген.Балдардын күнүмдүк тамак-ашы, гр менен Тамак-ашЖашы7-1011-1314-17КыздарБалдарСүт500500500500Быштак40455050Каймак15151515Эт140175220220Балык40606070Кара нан75100100150Ак нан165200200250Кесме, макарон15151515Буурчак, фасолъ5101010Күрүч, гречка30353535Кант жана таттуулар7085100100Жуулган май25253030Өсүмдүк майы10151515Картөшкө200250275300Жашылчалар275300350350Жемиштер150-300150-300150-500150-500
Бөлүмдөр
Макала жайгаштыруу
Жарнама жайгаштыруу