TYUP.NET
Катталуу
Кирүү
Байыркы шаар макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
X кылымдагы араб саякатчысы Истахри Абу Исхак Ибрагим "Худуд ал-аалам" деген китебинде (982-ж.) кыргыздардын жери, тили, үрп-адаты жана шаарлары жөнүндө алгач маалымат айткандардын бири. Ал эмгегинде "Кыргыз хан" деген шаар болгонун эскере кетет. Бул Ала-Тоодобу, Алтай, Орхондогу шаарбы, так айтылбагандай. Балким изилдөөчү чоочун жазмадан алгандыр же оозеки кабарга таянгандыр. Абай салсак, IX-X кылымдарда кыргыз каганынын ысымы бир гана Алп Сол атына коюлган сыяктанат. Мүмкүн кыргыздар 840-жылы Уйгур кагандыгын жеңгендин урматына Орхондо же Теңир-Тоодо өз каганынын атына татыктуу ордо борборун - шаарын атаган чыгар? А балким бул азыркы күндөгү Кытай өлкөсүнө тиешелүү Манас сыяктуу шаардыр? Байыркы кытай жазууларында энесайлык кыргыздарда "Ийлан-Чжоу" деген шаар болгону айтылат. Балким ал "Йуан тарыхында" 1270-жылы айтылган "Түп Терек" деген байыркы шаар болуп жүрбөсүн? Ал эми түрк санжырасында кыргыздардын Алакчын деген шаары курулганын, анын тегерегинде ала жылкы, күмүш көп болгонун кабарлайт. Испан саякатчысы араб ил-Идриси (XII к.) кыргыздар жашаган жерлердин бекемдигин, дубал менен жыш курчалган, тегерете аң казылганын баяндайт. Азербайжандын улуу акыны Низами "Искендернаама" поэмасында кыргыздардын бейишке окшош шаары бардыгын жазган.
Бөлүмдөр
Макала жайгаштыруу
Жарнама жайгаштыруу