Зверев Николай Александрович


Зверев, Николай Александрович – Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.

1921-жылы Ак-Моло областында туулган. Улуту орус. КПССтин мүчөсү. Согуш башталаардан бир нече жыл мурун үй бүлөсү менен Кыргызстанга Токмок шаарына көчүп келген. 1941-жылы Советтик Армияга чакырылган. Г вардия сержанты. Взводдун командиринин жардамчысы. Улуу Ата Мекендик согушка башынан аягына чейин катышкан. Жарадар болгон.

Днепрден өтүүдө көрсоткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры деген наамга 1944- жылы татыктуу болгон.

Согуштан кийин баатыр тынч эмгекке кайтып келген.

Иманкулов. А, Алыкулов. Б, Турсунбеков. Ч "Алардын эрдиги түбөлүккө жашайт"- Фрунзе, 1986

2016-08-11 53 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11