Жыргалаң Ак-Суу району


Жыргалаң, Ак-Суу району - Ысык-Көл облусундагы шаарча. Административдик-аймагы жактан Ак-Суу райондук кеңешине карайт. «Жыргалаң» шахтасынын ачылышына байланыштуу 1932-жылы негизделген. Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында, Тескей Ала-Тоонун этегинде, Жыргалаң суусунун жогорку агымынын оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 2270 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Каракол шаарынан 70 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 300 км. Калкы 1,0 миң (2009), калкынын негизин кыргыздар (54,3%), орустар (37,4%) түзөт, ошондой эле башка улут өкүлдөрү да жашайт. Негизинен шахтада эмгектенет. Өнөр жай ишканасы, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иштейт. Орто мектеп, ФАП, клуб, китепкана, оорукана бар.

2016-08-11 69 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11