Жылуу-Суу


Жылуу-Суу, үч эмчек – Ички Теңир-Тоодогу суу, Нарын дарыясынын алабында. Узундугу 51км, алабынын аянты 690 чарчы/чакырым. Тескей Ала-Тоонун түштүк капталына үч эмчек тоосу кошулган жердеги мөңгүлөрөн башталып, Буркан суусуна (Кичи Нарындын жогорку бөлүгү) куят. Алабынын 9,5%ин (жалпы аянты 65,8 чарчы/чакырым) мөңгү ээлейт. Куймалары: Кашка-Cуу, Ашуусуу ж. б. Чатына жакын Тешик-Көл (аянты 0,65 к2)жайгашкан. Ага жакын жерден жылуу Кайнар-Булак чыгат, июньда кирип, сентябрьда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 7,5 м3/сек. Өрөөнүндө Тоң жана Нарын районунун малы жайылат.

Кыргызстандын географиясы, Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору Б.2004.





2016-08-11 147 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11