Жыга


Жыга: 1) шөкүлө,

2) хандык белги — таажы сайылуучу тебетей,

3) баш кийимге кооздук үчүн тагылган куштун куйрук, же канат жүндөрү,

4) эң жогорку даражаны көргөзө турган кооз жана сымбаттуу жасалган атайын белги (Жез жыгадай эр Көкчө).

"Манас" эпосунда Жыга кандык даражаны көрсөтө турган белгиси бар баш кийим маанисинде колдонулат: "Кан таажысы ушу деп Кан Манастын башына Жыгалуу бөрктү кийгизди" (Сагымбай Орозбаков, 1. 290).

Мөөрдүк белгини билдирген учурлар да кездешет. Жыгалуу мөөр ар бир кандыкка энчилүү мөөр. Жети кан куралып Манаска каршы келгенде, алардын Бээжинге казаттап барууга макулдугун алып, кат жаздырып, ар биринин мөөрүн бастырганы эпосто: "Жыйып алып кандардын Жыгалуу мөөрүн бастырды" (Сагымбай Орозбаков, 4. 59).— деп айтылат.

Жыгалуу бөрк (иранча "жыга" — куштун таажысы, аялдардын баш кийимине сайыла турган топ үкү, канат) — асыл таш менен асемдеген үкүсү бар тебетей, баш кийим, кандын таажысы. "Манас" эпосунда: "Кан таажысы ушу деп Кан Манастын башына Жыгалуу бөрктү кийгизди" (Сагымбай Орозбаков, 1. 290),— деп айтылат.

Булагы: С. Орозбаков. "Манас" эпосу. 1-чи китеп. 1978 ж. Айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү.

2016-08-11 41 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11