Жусупов Калыгул


Калыгул Жусупович Жусупов (05.05.1935) - кыргызстандык математик илимпоз, физика-математика илимдеринин кандидаты (1969), доцент (1970), ардактуу профессор, агартуучу.

Калыгул Жусупов Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Жылан-Арык кыштагында 1935-жылдын бугу (май) айынын 5инде туулган. Ата-теги нарындык сарыбагыш уруусунан. Атасы – Жусуп Казакбай уулу Белектин небереси. Сарыбагыштын жантай уругуна кирчү өмүрбек уулунан. Жусуп ата 1889-жылы туулган, 1945-жылы Жылан-Арык айылында каза болгон. Энеси – Таажы Турдубай кызы (тегаты Казакбаева болуп калган). Турдубай – Куланак айылынан. Таажы эне 1900-жылы туулган, 1951-жылы Жылан-Арык айылында каза болгон. Калыгул – жалгыз уулу (калган 14 баласы чарчап калган).

Жылан-Арык айылы оболу, 1955-жылга чейин, Куланак районуна караштуу Пионер колозу болгон. Бул район жоюлган соң, 1955-жылдан 1992-жылга чейин Ак-Талаа районуна караштуу Пионер комплекстүү бригадасы болуп, "Ак-Тал" колхозуна, кийин Тоголок Молдо колхозуна караштуу болуп келген.

1992-жылдан тартып айыл Нарын районуна караштуу Жылан-Арык колхозу болду. 1993-жылы колхоз жоюлуп, Жылан Арык айыл аймагы, Сары-Ой айылдык кеңеши болуп калды.

Калыгул Жусупов 1952-жылы Куланак кыштагындагы орто мектепти аяктаган.

Нарын шаарындагы Н. В. Гоголь атындагы Нарын мамлекеттик мугалимдер институтундагы физика-математика факультетин 1954-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

1954-жылы сентябрь-октябрь айларында Нарын районундагы Куланак орто мектебинде физика сабагынан мугалим болгон.

1954-57-жылдары Термез (Өзбекстан) жана Мары (Түркмөнстан) шаарларындагы чек ара аймагында Түркстан аскер округунда Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) физика-математика факультетине тапшырган.

1962-жылы КМУнун физика-математика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

1962-65-жылдары КМУнун теориялык математика кафедрасынын окутуучусу, ага окутуучусу.

1965-жылы Орусиянын борбору Москва шаарындагы М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин механика-математика факультетиндеги күндүзгү аспирантурага өткөн.

1969-жылы М. В. Ломоносов атындагы ММУнун механика-математика факультетиндеги күндүзгү аспирантураны ийгиликтүү аяктаган.

1969-жылы 19-октябрда аталган университетте кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган.

1969-70-жылдары – Бишкек шаарындагы Фрунзе политехникалык институтунун (азыркы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз тенхникалык университетинин) теориялык математика кафедрасынын ага окутуучусу, доценти болуп иштеген.

1970-75-жылдары жана 1980-85-жылдары Жусуп Баласагын атындагы КУУнун (мурдагы Кыргыз мамлекеттик университетинин) теориялык механика кафедрасынын доценти болуп иштеген.

1975-81-жылдары Каракол шаарындагы Пржевальск педагогикалык институтунда (азыркы К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде) математика факультетинин деканы болуп иштеген.

1985-92-жылдары Бишкек шаарындагы Кыргыз кыз-келиндер институтунда (азыркы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде) математиканы окутуу усулдары кафедрасынын башчысы болуп иштеген.

1992-2002-жылдары И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Бириккен кесиптик уюмдун төрагасы болуп иштеген.

2002-2006-жылдары И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректорунун кеңешчиси болуп иштеген.

2010-жылдан артып азыркы убакка чейин И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ардактуу профессор кызматын аркалап келет.

Жубайы – Салийбүбү Туттуева (1970-жылы үйлөнүшкөн).

4 уул, 1 кызы бар.

Улан (1971), Назира (1973), Кубанычбек (1974), Жуман (1977), Эркинтөрө (1992).

Неберелери бар (азыркы тапта 13). Алардын бири Данияр Улан уулу мыкты окугандыгы үчүн 2010-жылы 17-мартта АКШнын президенти Барак Обаманын өз колунан алкоо катын алган.

Калыгул Жусупов 9 окуу китеп жана усулдук колдонмо, 110дон ашуун илимий жана илимий-жамаагаттык макалалар жарыялаган.

Ал математика, усулдук колдонмолор, ж. б. боюнча дарстар окуп келет.

1993-94-жылдары "Азаттык" үналгысына сырт кабарчы катары бир катар публицисттик радио берүүлөр даярдаган. Ал кезде "Азаттык" үналгысынын деректири Аким Өзгөн эле.

Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Жылан-Арыккк (мурдагы Пионер) кыштагындагы орто мектеп 1995-жылдын 25-декабрынан тартып Калыгул Жусупов атындагы орто мектеп деп аталып жүрөт. (Азыркы 78131-3304-М-е номурлуу күбөлүк 2013-жылы 5-апрелде берилген).

2012-жылы 10-ноябрда "Жогорку окуу жайлары жана жалпы билим берүүчү орто мектептер үчүн окуу китептери" аттуу окуу китептеринин топтому үчүн: - Иманалиев Мурзабек Иманалиевичке - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Теориялык жана колдонмо математика институтунун директору, физика-математика илимдеринин доктору, - Асанов Авыт Асановичке - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Теориялык жана колдонмо математика институтунун лаборатория башчысы, физика-математика илимдеринин доктору, - Жусупов Калыгул Жусуповичке - И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун профессорунун милдетин аткаруучу, физика-математика илимдеринин кандидаты, - Искандаров Самандар Искандаровичке - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Теориялык жана колдонмо математика институтунун Интеграциялык-дифференциалдык теңдемелер теориясы лабораториясынын башчысы, физика-математика илимдеринин доктору, - Өмүралиев Асан Сыдыгалиевичке - Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине караштуу Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун ректорунун коомдук башталыштагы кеңешчиси, физика-математика илимдеринин доктору, - Табышов Рыскелди Табышовичке - Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине караштуу Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун ректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, - Баячорова Батыйгүл Жумадыловнага - Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Евразиялык инновациялык технологиялар институтунун директору, физика-математика илимдеринин кандидаты, - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылып жана "Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты" деген наам берилди.

2016-08-11 53 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11