Жусупов Эшенкул


Жусупов Эшенкул (1915-жылы азыркы Ленин району, Кыла кыштагында.)— колхоз өндүрүшүнүн ишмери Сациалистик Эмгектин Баатыры (1957). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Эмгек жолун 1937- жылдан колхоздо иштөөдөн баштаган. 1945-61-жылы Ленин районундагы Калинин атындагы («Хиля») колхоздун председатели. Ал башкарган колхоз 1955—56-жылдары пахта аянтынын ар гектарынан 30,3—33,3 ц. ден түшүм жыйнап алып, мамлекетке сүт, эт, жумуртка жана башка айыл чарба продуктуларын тапшыруу боюнча пландарын ашыгы менен аткарган. 1955—59-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Борбугулов М. "Ош тарыхы энциклопедия" Фрунзе 1989-ж.

2016-08-11 72 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11