Жусуп Абдрахманов


src="/uploads/bio/jusup-abdrahmanov.jpg" alt="Жусуп Абдрахманов" align="left" class="alignleft"/>Юсуп Абдрахманов 1901-жылы кыштын биринчи айы — декабрь айында (числосу белгисиз, ал кезде чон кар тушкондо дешчу) Чиркей айылында жарык дуйного келген. Ошол Чиркей айылы азыр Абдрахманов айыл окмоту деген наам алып журот. Дегеле ташы — алтын, суусу — дары касиеттуу Ысык-Колдон эл билгендер, журтту жакшылыкка ундогон эр-азаматтар арбын эле чыккан экен. Тарыхта ташка тушкон белгидей, 1916-жылдагы Уркундо Жусуп элге кошулуп Кытайга азып-тозуп барат. Андан деле мандайы жылыбайт. Ач бел, куу жолдо копчулук менен азабын жейт.

Уркундон кийин 1917—1918-жылдары Пржевальск (Каракол) гарнизонунда иштейт. 1918—1919-жылдары Кызыл Армиянын катарында кызмат отоп, Жети-Суу фронтунда болот. Комсомолдук жана партиялык кызматтарда ак иштеп, озун корсотот. Партиянын Каракыргыз областтык бюросунун (РКП(б)) секретары.



Кыргын талдай кезинде ЦК ВКП(б) Борбордук Комитеттин уюштуруу-болуштуруу болумундо инструктор, 25 жашында, башкача айтканда 1926-жылы октябрь айынан тартып, Кыргыз автономиялык областынын (облисполкомунун) областтык аткаруу комитетинин Председателинин биринчи орун басары болгон.

26 жашында 1927-жылдын сентябрь айынан тартып 1933-жылга чейин Кыргыз окмотунун башчысы кызматында турган. Кыргызстандагы окмот Башчылардын эн жашы, ошол кыйын кезде коп жыл иштеген, ушул Жусуп Абдрахманов эле. Кыргыз АССРнин Эл Комиссарлар Советинин Председатели кызматын аркалады. Бул кызматтан тушкондон кийин 1933—1937-жылдарда Самаркандта, Оренбургда чарбалык иштерде болду.

1937-жылдын 4-апрелинде камакка алынган. 1938-жылдын 5-ноябрында Революцияга каршы, улутчул, Троцкийдин идеясын колдоочу деген жалган кара жалаа менен атылган. 1958-жылы СССР Жогорку Сотунун Аскер коллегиясы тарабынан акталган. 1968-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитети реабилитациялаган.

Бир туугандары:
Иниси — Токо, Жусуп Оренбургда жашап турганда, Токо камакка алынган. 1916-жылкы Уркундон Жусуп алып калган.

Уй-булосу:
Жубайы — Гулбахрам казак кызы
Уулу Анвар — (1920-жыл)
Алибек — (1923)
Аида —(1927)
Раиса — (1928)

Эмгектери (китептери):
1.Жаштар кыймылынын танында.
2.1916-жылдагы которулуш.
3.Октябрдын танында.
4.Мал чарбасын онуктуруу перспективалары.

Эн жакын, туу туткан досу — акын Владимир Маяковский болгон. В. Маяковский Гулбахрам эжеге алтын саат, алтын билерик тартуу кылган. Ал тартууну Гулбахрамдан репрессия убагында Сурак учурунда чечип экен. 1930-жылы В. Маяковский дуйнодон откондо аза кутууго Ж. Абдрахманов катышкан. В. Маяковский жана Ж. Абдрахманов жонундо Влюбленная лодка деген кино тасма кыздарында сакталуу.

Окмот башчысы болуп турган кезде:
1.Фрунзе жана Ош шаарында аэродром курулат.
2.Фрунзе жана Чолпон-Ата шаарында ипподром курулат.
3.Фрунзе жана Рыбачье темир жолу курулат.
4.Завод, фабрикалардын жана жалпы эмгекчилерге турак жайлар жасалып жонго салынат.
5.Ачкачылык, жакырчылык, сабатсыздык акырындан жоюулат.
6.Чомуш плотинасын жана Ат-Башы каналы курулат.
7.Жаны жер, Томонку Чуй, Жаны Пахта совхоздорун уюштурат.
8.Ош, Жалал-Абад кантондорун бир Ош округуна уюштуруу долбоору тузуулот.

Юсуп Абдрахмановдун эстеликтери — Чон-Ташта, озу туулган айылда Ж. Абдрахманов айыл Окмотундо (мурдагы Жаркынбаев атындагы совхоздо), Ала-Арчада Гулбахрам Ахмедовнанын жанында, Бишкекте — эн биринчи Окмот уйунун алдында тургузулган.
2016-05-23 409 Биографиялар Жыргалбекова С. 2016-05-23