Жунусова Мира Карбековна


Жунусова Мира Карбековна - (21. 5. 1951-жылы туулган, Фрунзе) Айыл чарба илимдеринин доктору (2007). КМУнун биологиялык факультетин бүтүргөн (1973). Эмгек жолун Кыргызстан дыйканчылык ИИИде лаборант болуп баштаган. 1976-79-жылы СССР ИАнын Сибирь бөлүмүнүн Генетика жана цитология ИИИде аспирант. 1979-81-жылы Кыргызстан дыйканчылык ИИИге караштуу Ысык-Көл тажрыйба-селекция станциясында илимий кызматкер. 1981-91-жылы Кыргызстан дыйканчылык ИИИде улук илимий кызматкер жана биотехнология лабораториясында бөлүм башчы. 1991-96 ж. К. И. Скрябин атындагы КАЧИде биология кафедрасында доцент, кафедра башчысы, 1996-жылдан Кыргызстан дыйканчылык ИИИде бөлүм башчы. 2004-жылдан Кант районундагы «МИС» айыл чарба кооперативинде бөлүм башчы, ошол эле мезгилде КАУда профессор. Чет элдик программалар менен иштейт. Илимий эмгектери генетика, биотехнология, селекция жана үрөнчүлүк маселелерине арналган. Ал 80ден ашык илимий эмгектин жана буудайдын 11 сортунун автору. Эмгектери: Генетически основы создания короткостебельных сортов пшеницы для орошаемых условий Кыргызстана. Б., 2002, Выращивание зерновых культур. Б., 2002.

2016-08-11 33 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11