Жунусов Масхуд Садыкович


Жунусов Масхуд Садыкович – (23. 5. 1920, Пржевальск (азыркы Каракол) шаары. 19. 11. 2005, Москва) философиялык илимдеринин доктору (1953), профессор (1957). 1940-жылы М. В. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн. 1953-61-жылы КМУда философия кафедрасынын башчысы, 1961-91-жылы СССР ИАнын Философия институтунда философия кафедрасынын башчысы, ММУнун философия факультетинде профессор болуп иштеген. Эл аралык информациялаштыруу академиясынын академиги (1994). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Улут жана улуттук мамилелер теориясына арналган 1000ден ашуун илимий жана илимий-популярдуу макалалардын, 61 монографиянын (анын пичинде 20дан ашыгы авторлош) автору. Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. Эмгектери: Две тенденции развития социализма в нацональных отношениях. Таш., 1975, К вопросу о формировании киргизской социалистической нации. Ф., 1952, О некапиталистическом пути развития киргизского народа к социализму. Ф., 1958, Об историческом опыте строительства социализма в ранее отсталых странах. М., 1958.

2016-08-11 41 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11