Жунгар хандыгы


Жунгар хандыгы – 1635–1758-ж. өкүм сүргөн батыш моңголдордун мамлекети. Моңгол тилинде «жунгар» – «сол кол», ал эми «барунгар» – «оң кол» дегенди түшүндүрүп, бул аталыш саясий бирикмени туюнткан. Чыңгыз хандын тушунда биригишкен батыш моңгол уруулары бул мамлекетте анын аскерлеринин сол канатын түзүшкөн. Жунгар хандыгынын аймагы алгач чыгышта Хан-гай тоолорунун батыш кыркаларын, түштүктө Гоби чөлүн, батышта Моголстанды, түндүктө Иртыш, Енисей дарыялары башталган жерлерди камтыган. Кийин Жуңгария аймагы деп аталып калган. Түрк тилдүү калктар батыш моңголдорду «калмактар» (мусулман эместер), кытайлар «элюттар», ал эми өзүлөрү «ойроттор» деп аташкан. «Токой эли» деген маанини берет. Айрым маалыматтарда аларды «дербен ойрот», «төрт ойрот» союзу (бирикмеси) деп аташкан, анын курамы ар кандай мезгилде ар кыл болгон. Ойрот союзу В. Бартольддун пикири боюнча 14-кылымда түзүлүп, ага чорос, хошоут, торгоут жана хойт, Т. Бейшеналиевдин пикири боюнча ошондой эле элут, бахатутэ, хойт, кыргыз уруулары да кирген. 15-кылымда ойроттордун башчысы Эсен тайшынын (1439–55) убагында бүткүл Моңголия анын бийлигинде болгон. Ушул мезгилдерде ойроттордун аскерлери Теңиртоо тарапка жортуулдары уюштуруп, Сырдарыяга чейин келип турушкан. 16-кылымда ойроттордун бийлиги начарлап, мамлекет чорос уруусунун өкүлү Каракулла тайшынын аракети менен калыбына келген. Ал өлгөндөн кийин, бийлик анын уулу Баатыр хонтайжыга өтүп, 1635-жылдан ойроттордун өлкөсү Жунгар хандыгы деп атала баштаган. 17-кылымдын башында торгоуттар Россия аймагына көчүп барып, Волга дарыясынын оң жээгине жайгашып, Ак калмактар хандыгын түзүшкөн. Жуңгариянын калкы негизинен көчмөн турмушта жашап, мал чарбачылык менен кесиптенишкен. Коңшу өлкөлөр менен саясий-экономикалык алакада болуп, ушул жагдайдагы маселелерди аскер күчүнө таянып чечүүгө ык коюшкандыктан, жоокерчилик турмуш кечиришкен. Ойроттор лама багытындагы сарылар динин (желтая вера) тутушкан. Хандыкта хонтайжыда чексиз бийлик болуп, ал атадан балага мураска өткөн. Анын алдында кеңешүүчү орган катары зорго түзүлгөн. Зорго – хандын жакын туугандары менен таасирлүү уруу башчыларынан (тайшалар, зайгандар жана нойондор) турган. Жунгар хандыгынын бийлик ээлери: Эрдени Баатыр хонтайжы (1635–53), Сенге хонтайжы (1653–70), Галдан Бошокту хан (1670–97), Цеван Рабдан (1697–27), Галдан Церен (1727–45), Цебен Доржи Намжил (1745–50), Эрдени Лама баатыр хонтайжы (1750–53), Даваци (1753–55), Амурсана (1755–57). 17-кылымдын аягы – 18-кылымдын 1-жарымында ойроттор Чыгыш Түркстанда (негизги калкы уйгурлар, кыргыздар) Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын кээ бир жерлерин ээлеп алып, калкынан салык (алман) алып турган. 18-кылымдын ортосунда түрк тилдүү калктар: казактар, кыргыздар, каракалпактар, өзбектер, уйгурлар биргелешкен боштондук кыймылдын натыйжасында калмактарды өз жерлеринен сүрүп чыгышкан. Жунгар хандыгы 18-кылымдын ортосунда ички чыр-чатактан жана бийлик талашуудан начарлап, Цин империясына караган.

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.

2016-08-11 128 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11