Жумгал суусу


Жумгал суусу - (моңголчо дзун сол же чыгыш жана гөл суу, сол куйма маанисинде) Жумгал районундагы суу, Көкөмерендин сол куймасы. Кызарт жана Базар-Турук суулары кошулуп, Жумгалды түзөт. Узундугу. 96 км, алабынын аянты 3080 чарчы/чакырым. Өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүнүн таманы деңиз деңгээлинен 2000-2200 м бийиктикте (туурасы 3-5 км) жатат, ал батышты карай жапыздап (1485 мге чейин), таманы 25 кмге чейин кеңийт. Чаектен батышка карай өрөөнү кайра кууштайт. Жээги жайык тектирлүү. Ири куймалары: Чаар-Арча, Кызарт, Түгөл-Сай, Баш-Кууганды, Орто-Кууганды, Кара-Кече, Беш-Терек, Миң-Теке жана башка Жылдык орточо чыгымы 11,2 м3/сек, эң көбү 77,0 м3/сек, эң азы 5,30 м3/сек. Апрелдин аягында кире баштап, августта тартылат. Октябрда тоңуп, апрелде ачылат. Жумгалдын алабында көл көп, ирилери: Сары-Көл (аянты 0,36 чарчы/чакырым), Баш-Кууганды (0,22 чарчы/чакырым), Чоң Таш-Көл (0,24 чарчы/чакырым) жана башка Жумгалдан бир нече сугат каналы башталат, ирилери: Жаңы-Арык, Сары-Талаа. Жээгинде Чаек, Түгөл-Сай, Арал, Кайырма, Багышан жана башка кыш. жайгашкан.

2016-08-11 47 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11