Жумашов Жолон


Жумашов Жолон – (1943, Талас облусу, Ленинполь (азыркы Бакай-Ата) району Покровка айылы 29. 1. 2000, Боо-Терек айылы) генерал-майор (1998). Ташкент Жогорку аскердик командалык окуу жайын (1965), Москвадагы М. В. Фрунзе атындагы аскер академиясын (1981) бүтүргөн. 1965-69-жылы Закавказье аскер округунда, 1976-77-жылы Кыргыз ССР Куралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн. 1978-89-жылы Фрунзе шаарындагы Ленин райондук аскер комиссариатында 1-бөлүмчөсүнүн башчысы аскер комиссарынын орун басары, 1989-90-жылы Кыргыз ССР ИАнын Бийик тоо физиологиясы жана эксперименттик патология институтунун директорунун жалпы маселелер боюнча орун басары, 199094-жылы Кыргыз тамак-аш өнөр жайында чарбалык бөлүмдүн башчысы, 1994-99-жылы КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн аткычтар, мотоаткычтар бөлүгүндө взвод, рота командири, батальондун командиринин орун басары, Ош облусу аскер гарнизонунун башчысы, 1999-2000-жылы Ош облусу аскер комиссары болуп иштеген. Медалдар менен сыйланган.

2016-08-11 41 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11